Бишкекте көп кабаттуу үйдү курууда одоно мыйзам бузуулар аныкталды

  • 12 месяцев мурун

Борбор шаардын Фурманов көчөсүнүн №5 дарегиндеги көп кабаттуу үйдү курууда одоно мыйзам бузуулар аныкталды.

Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта ал жерге борбор шаар мэринин орун басары Мурат Осмонов жооптуу кызматтар менен бирге көчмө жыйын өткөргөнү айтылат.

«Фурманов көчөсү, №5 дарегинде 9 кабаттуу үй курулуп жатат. Азыр имараттын фасадын бүтүрүү стадиясында турат. Бирок унаа токтотуучу жайлар жана балдар аянтчасы, ошондой эле тиешелүү кызматтар менен макулдашылган уруксат берүүчү долбоордук документтери жана Мамлекеттик экспертизанын корутундусу жок» деп айтылат маалыматта.

Мыйзам бузууларга карабастан, куруучулар бүтүрүү иштерин улантууда, ал эми үлүштүк ээлер батирлерди кайра сатууда. Борбор шаар мэриясы курулуш компаниялардын ээлерине шаардагы бардык жаңы көп кабаттуу үйлөрдүн курулуш нормаларын жана эрежелерин бузуу фактылары боюнча текшерүү жүргүзүлөрүн эскертет.

Сүрөт: Мэриянын басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты