Бишкекте үйдөн чыккан өрттөн улам бир киши каза тапты
- 1 месяц мурун
- Видео
Бишкек шаарынын Свердлов районунун Широкий көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн чыккан өрт 23-мартта саат 20:03дө өчүрүлдү.
Тилекке каршы өрт кырсыгынын кесепетинен 1967-жылы туулган М. Р аттуу эркек киши каза тапты.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 4 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган.
Сүрөт: Видеодон алынды.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!