Бишкекте ири  өрт кырсыгы катталды

  • 1 год мурун

Бүгүн, 8-мартта, Бишкек шаарынын Свердлов районунун Элебесов жана Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан имараттан өрт чыкты.  

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган жайдын 1-кабатында дүкөн, 2-кабатында тигүүчү цех жайгашкан. Өрт имараттын чатырын жана 2-кабаттагы цехти каптап, болжол менен 200чарчы метр аянты өрттөнгөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 16:39дан тартып өрт өчүрүүчүлөр тартылган.   

Тилсиз жоо саат 17:37де чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иши жүрүүдө.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркаган адамдар болгон жок.

Сүрөттөр: ӨКМ басма сөз кызматы

 

 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты