Бишкекте ири көлөмдөгү психотроптук дарыларды ташуу каналы токтотулду

  • 1 неделя мурун

Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы эл аралык почта аркылуу Кыргызстанга тыюу салынган психотроптук дарыларды алып келүүчү туруктуу каналдын ишин аныктап, ага бөгөт койду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ыкчам иш-чаралардын алкагында 1991-жылы туулган жаран Т.Д. Бишкек шаарындагы почта бөлүмдөрүнүн биринде кармалган. Анын колунда чет өлкөдөн келген күчтүү таасир берүүчү 1 550 таблетка болгон. Кийинчерээк анын үйүн тинтүү учурунда дагы 20 психотроптук дары жана келип чыгышы белгисиз башка дары-дармектер табылган.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (“Мыйзамсыз дары каражаттарын жүгүртүү”) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук-химиялык экспертизалар дайындалды.

ИИМдин маалыматына караганда, алынган препараттар Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган заттардын расмий тизмесине кирет. Учурда бул мыйзамсыз жеткирүү каналына тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери уланууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты