Бишкекте эс тутум жана маданият темасында эл аралык конференция өттү

  • 12 месяцев мурун

Бишкек шаарында Михаил Фрунзенин үй-музейинин 100 жылдыгына арналган “Эс тутумдун маданияты жана маданияттагы эс тутум” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Иш-чарага 60тан ашуун адис — музей кызматкерлери, окумуштуулар жана маданият өкүлдөрү катышты. Алар Кыргызстан, Казакстан, Россия, Түркия жана башка өлкөлөрдөн келишти.

Конференцияда эстелик маданиятынын коомдогу ролу, музей ишинин тажрыйбалары жана Фрунзенин тарыхый образы талкууланды. Программада пленардык жыйындар, тегерек үстөлдөр жана музейдеги экскурсия камтылды. Башкы баяндамачы катары музей директору, экономика илимдеринин доктору Кеңешбек Алмакучуков чыгып сүйлөдү.

Конференциянын жыйынтыгында «Кыргыз мамлекеттик музейи» концепциясын иштеп чыгуу демилгеси колдоого алынып, иш-чара материалдары жыйнак катары жарыяланмай болду.

Иш-чараны М.В. Фрунзенин үй-музейи Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен уюштурган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты