Бишкекте үч имараттын макамы өзгөрдү

  • 2 недели мурун

Министрлер кабинети, 2002-жылдын 20-августундагы №568 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарын каттоо, коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу тартибин жөнгө салат.

2025-жылдын 2-июлунда кабыл алынган жаңы токтомго ылайык, республикандык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтердин мамлекеттик тизмесиндеги 33, 60 жана 74-пункттар өз күчүн жоготту деп табылды.

Аталган пункттарга төмөнкү имараттар кирген:

  • Абдымомунов көчөсү, 205 дарегинде жайгашкан Чүй облусунун мурдагы мамлекеттик администрациясынын жана Тышкы иштер министрлигинин имараты (азыркы Жогорку сот);
  • Совет (азыркы Абдрахманов) көчөсү, 175 дарегиндеги «КыргызКАБАР» агенттигинин мурдагы имараты;
  • Абдымомунов көчөсү, 207 дарегиндеги Жогорку Кеңештин мурдагы имараты («Өкмөт үйү» катары белгилүү).
Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты