Бишкекте бул жылы автобустар катышкан 329 жол кырсыгы катталган. Мэр кызматкерлерди жазалады

  • 4 месяца мурун

29-ноябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын бир канча кызматкерин иштен алып, көбүнө сөгүш берди. Ошондой эле жол эрежесин бир нече жолу одоно бузган 24 айдоочу иштен алынары айтылды.

Маалыматта айтылгандай, Айбек Жунушалиев аталган муниципалдык ишкананын кызматкерлери менен жолугушу өткөрүп, ага Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы инспекциясынын башчысы, милициянын полковниги Жеңишбек Жоробеков, ошондой эле ИИМдин тиешелүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү жана муниципалитеттин транспорт департаментинин кызматкерлери катышкан.

Жолугушууда муниципалдык автобустар катышкан жол кырсыктары тууралуу маалымат берилген. Ага ылайык, 2024-жылдын 10 айында 329 жол кырсыгы катталса, анын 169у муниципалдык автобустун айдоочуларынын күнөөсү менен, 160 учур экинчи тараптын күнөөсү менен болгон.

Мындан улам мэр Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысы Асанов М.К. менен 5-автоколонанын начальниги Кожогелдиев К.Ж.ны иштен алган. Ал эми Кыймылдуу курамды эксплуатациялоо бөлүмүнүн башчысы Ахметахунова С.А.га катуу сөгүш берген.

Ошондой эле Кыймылдуу курамды эксплуатациялоо боюнча директордун орун басары Тукубаев А.К.га, башкы инженерлерге, автоколонналардын башчыларына, өндүрүш жетекчилерине, бардык бригадирлерге, механиктерге, колонналардын механиктерине жана бардык мастерлерге сөгүш жарыялаган.

Айбек Жунушалиев жол эрежесин бир нече жолу бузган 24 айдоочуну иштен аларын айтып, айдоочулардын ишине көзөмөл жүргүзгөн бригадирлердин санын көбөйтүү милдетин тапшырган. Ошондой эле айдоочуларды үзгүлтүксүз тестирлөөдөн өткөрүп туруу, эгер биринчи жолу билимин тастыктабаса, ээлеген кызматынан бошотуу тапшырмасын берген.

«Керек болсо ай сайын чогулуп, иштерине баа берип, чараларды көрөбүз. Анткени бүгүнкү күндө бузулган автобустар эмес, адамдардын өмүрү маанилүү»,- деген борбор калаанын мэри.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты