Бишкекте 9-Январь көчөсүн капиталдык оңдоо иштери уланууда
- 10 месяцев мурун
«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы борбор калаадагы 9-Январь көчөсүндө капиталдык оңдоо иштерин улантууда. Учурда Мессарош көчөсүнөн Кайназарова көчөсүнө чейинки аралыктын асфальты алынып, жер кыртышы тегизделип, коммуналдык люктар көтөрүлүүдө.
Мурда кирпич менен жасалган люктар эми темир-бетон шакекчелердин жардамы менен бекемделет. Ошондой эле жаңы жол катмарына даярдык катары кызыл сызыктан чыгып кеткен 12 турак үйдүн тосмолору жана кеңейтүүлөрү алынууда. Курулуш зонасындагы 33 электр мамысы башка жерге жылдырылат.
Оңдоо иштери шаардык жолдордун сапатын жогорулатып, транспорттук кыймылды жеңилдетүүгө багытталган.
Муну бөлүшүү




