Бишкекте 8-кабаттагы чыккан өрт кырсыгында эки киши куткарылды

  • 9 месяцев мурун

Бишкек шаарынын Октябрь районунун Аалы Токомбаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 8-кабатынан чыккан өрт саат 13: 20да өчүрүлдү.   

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, өрт өчүрүүчүлөр 8-кабаттагы өрт чыккан батирден эки кишини куткарышты жана 9,10-кабаттагы батирлерден 20 кишини эвакуациялады.

Куткарылган эки киши “Тез жардам” дарыгерлерине өткөрүлүп берилди.

Бүгүн, 11-ноябрда, Бишкек шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Өрттү өчүрүүгө саат 12:05те Октябрь районунан эки машина, автошаты тартылган, саат 12:20да атайын штаб жөнөтүлгөнү кабарланган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты