Бишкекке Кытайдан 95 автобус алынып келинет

  • 3 недели мурун

Бишкек шаарына Кытайдын Yutong компаниясынын ишканасынан чыккан 95 автобус алынып келинет. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев бул күндөрү Кытайга сапарынын алкагында Yutong компаниясынын жетекчиси менен жолугуп, Бишкекке алынып келе турган 95 автобусту жеткирүү тууралуу пикир алышты.

Мэр Жунушалиев борбор шаарга алынып келине турган автобустар чоң, ыңгайлуу, кондиционерлери бар экенин билдирди.

Сүрөт: bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты