Бишкекке алынып келинген жаңы автобустарда видеокөзөмөл орнотулган  

  • 7 месяцев мурун

 

Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы менен түзүлгөн келишимдин негизинде Кытайдын «Golden Dragon» заводунан Бишкекке кезектеги 58 жаңы автобус келди.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Мааламытта айтылгандай, автобус 85 адамды ташууга ылайыкталган, анда 29 орундук жайгаштырылып, 2 орун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн каралган. Автобустардын салондорунда видеобайкоо системасы орнотулган.

Мындан тышкары, жаңы автобустар контактсыз акы төлөө үчүн валидаторлор менен жабдылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты