Бишкек шаарынын вице-мэри кармалды

  • 11 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жүргүзгөн ыкчам иш-чаралардын алкагында Бишкек шаарынын вице-мэри Б.Т.А. “опузалап пара талап кылуу” фактысы боюнча кармалды.

Маалыматка ылайык, Б.Т.А. ЖЭБди реконструкциялоо боюнча инвестициялык долбоордун алкагында чет элдик компаниянын кызыкчылыгын көздөө үчүн 35 миң АКШ долларын талап кылган. Акчанын бир бөлүгүн кайтарып берүү учурунда ал УКМК тарабынан колго түшүрүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөөдө белгилүү болгондой, вице-мэр каражатты алгандан кийин мурунку макулдашууларды аткаруудан ар кандай шылтоолор менен баш тарткан.

Учурда бул ишке тиешеси болушу мүмкүн болгон башка адамдарды аныктоо жана жоопко тартуу боюнча тергөө иштери улантылууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты