Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Азат Узаков үй камагына чыкты

  • 2 года мурун

Бишкектин Биринчи май райондук соту Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Азат Узаков үй камагына чыкканын «Азаттыкка» ырастады.

Анда судья ага карата козголгон кылмыш ишиндеги беренени жеңилдетип, «коррупцияны» «кызмат абалынан кыянат пайдаланууга» алмаштырганы айтылат.

«Айыпталуучунун туруктуу жашаган жери жана жаш балдары бар. Тек-жайы документтер менен такталган. Мындан улам анын бөгөт чарасы эч кайда чыкпоо тууралуу тил каттын негизинде өзгөрдү»деп айтылат сот берген маалыматта.

Азат Узаков социалдык объектилерди курууда акча каражатын уурдоого шектелип ушул жылдын башында, 19-февралда кармалган.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) ал өкмөттүн аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы болуп турганда жеке компаниянын кызыкчылыгын көздөө максатында коррупциялык схема уюштурган деп билдирген.

Атайын кызмат тараткан маалыматта Чүй облусунун Кош-Коргон айылындагы Каракеев атындагы орто мектептин курулушун каржылоодо Узаков мамлекеттик курулуш комитетинин жана Чүй капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алып, «Г.П.С.» ишканасынын кызыкчылыгын бир нече жолу колдогону, натыйжада объектини жасалма ишке киргизүү менен бюджетке 10,8 миллион сомдук зыян келтирилгени жазылган.

Узаковдун жакындары, адвокаттары ага карата козголгон кылмыш иши, кармалышы тууралуу комментарий берген эмес.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты