Бишкек шаарынын Ленин районунун судьясы пара талап кылууга шектелүүдө

  • 12 месяцев мурун

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы К.Н.Т. ортомчулар аркылуу 2000 доллар өлчөмүндө опузалап акча талап кылгандыгы аныкталган. Талаптар аткарылбаган учурда соттолуучуну белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга байланыштуу жаза чегерүү менен коркуткан.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы маалымдады.

Бул кылмыш иши боюнча кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгү (Опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголду.

2023-жылдын 20-апрелинде накталай акча түрүндө пара алуу учурунда бул схеманын бардык катышуучулары кармалып, алардын катышуусунда тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн КР УКМКга жеткирилген.

2023-жылдын 21-апрелинде Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун адиси Ш.Ч.Т. жана ортомчу, судьянын досу Т.М.Т. кармалып, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган. Ал эми судьяга кылмыш ишин козгоо, мыйзам боюнча, Соттор кеңешинин макулдугу менен ишке ашырылат. Бул багытта тиешелүү иштер жүргүзүлүп жаткандыгы маалымдалды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты