Бишкек шаарында өзгөчө кырдаал режими алынды

  • 4 недели мурун

Мэрдин буйругу менен 4-апрелден тартып борбор калаанын аймагында өзгөчө кырдаал режими алынды. Шамалдан улам келтирилген зыян болжолдуу түрдө 16 749 923 сомду түздү.

Бул тууралуу борбор шаардын мэриясы билдирди.

2024-жылдын 28-мартында Бишкек шаарынын аймагында ылдамдыгы секундасына 18-26 метрге жеткен катуу шамал катталган. Бишкек шаарынын мэриясынын 28-марттагы №86 буйругу менен 28-мартта тартып Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын жетекчилик курамы өз убагында маалымдалып, райондук жарандык коргонуу боюнча комиссиялар жана Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык кызматтары жер-жерлерде өз багыттары боюнча күчөтүлгөн иштерди жүргүзүштү.

Райондук администрациялардан, шаардык кызматтардан жана муниципалдык ишканалардан турган мобилдик топтор уюштурулган, алар аймактарды изилдөө жана кесепеттерин аныктоо максатында күчөтүлгөн режимде иштешкен.

Бишкекте катуу шамалдан 10 киши жабыркады. 144 бак кулап, 13 унаа жабыркаган.

101 объекттин, анын ичинде 37 социалдык, 54 турак үйдүн жана башка объекттердин чатыры бузулган.  

4 участокто троллейбус линиялары бузулуп, 10 участокто сырткы жарык берүү линиялары үзүлгөн.

Өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу үчүн «Тазалык» муниципалдык ишканасына 31 атайын техника жана 143 кызматкер тартылган, «Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасынан 21 атайын техника тартылган. Ошондой эле жоюу үчүн Чыгыш РЭСтин 12 бригадасы, Түндүк РЭСтин 10 бригадасы тартылган.

Бишкек шаарынын мэриясынын райондорундагы жарандык коргонуу боюнча комиссиялардын иштеринин жыйынтыгы боюнча келтирилген зыян болжолдуу түрдө 16 749 923 сомду түздү.

Сүрөт: Бишкек мэриясы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты