Бишкекте катуу шамалдан имараттын чатыры учуп, эки бала жабыркады

  • 4 недели мурун

Бүгүн, 28-мартта болжол менен саат 16:20 чамасында батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-26 метрге жеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Учурда катуу шамалдын кесепеттерин аныктоо улантылууда.

Саат 19.00гө карата алынган маалыматтарга ылайык, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында катталган катуу шамалдын кесепетинен алдын ала маалымат боюнча борбор калаадагы 2 имараттын чатыры учуп, 2 бала жабыркаган. Мындан тышкары борбордо 3 социалдык мекеменин жана 25 турак үйдүн чатырын учурган. Ал эми Чүй облусунда 6 социалдык мекеменин жана 15 турак үйдүн чатырын шамал алып кеткен.

Табигый кубулуштун кесепеттерин жоюу, материалдык чыгымдарды тактоо жана ыкчам чара көрүү максатында жергиликтүү Жарандык коргонуу кызматтары иш алып барууда. Бул тууралуу кошумча маалымат берилет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты