Шаардык сотто Канышай Мамыркулованын бөгөт чарасы каралууда

  • 1 год мурун

9-апрелде Бишкек шаардык сотунда эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулованы эки айга камакта кармоо боюнча Свердлов райондук сотунун чечимине каршы аппеляциялык арызы каралып жатат.

Бул тууралуу соттун жүрүшүн чагылдырган «ПолитКлиниканын» кабарчысы билдирди.

Сотто журналисттерге видео тасма тартууга уруксат берилген жок.

Ошондой эле бүгүн түшкө чейин Мамыркулованын кармалышынын мыйзамдуулугу боюнча Свердлов райондук сотунун отуруму болду. Мамыркулова сотко алынып келинген эмес, соттук териштирүү анын өзүнүн катышуусуз  өттү. Свердлов райондук соту милиция тарабынан журналисттин кармалышын мыйзамдуу деп тапты.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) милиция кызматкерлери тарабынан 20-мартта массалык баш аламандыкка чакырык жасоо жана улуттар аралык кастыкты козутууга шектелип, Канышай Мамыркулова кармалганын ИИББ басма сөз кызматы билдирди.

2025-жылы 22-мартта Бишкек шаарынын Свердлов районунда эркин журналист, активист Канышай Мамыркулованы эки айга камоо чечимин чыгарды.

Сүрөт: 9-апрель 2025-жыл. Бишкек шаардык соттун жүрүшүнөн. «ПолитКлиника» медиасы

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты