Бишкек шаар мэриясына 95 автобус жана 42 атайын техника тапшырылды
- 4 недели мурун
Бишкек шаарынын мэриясына 95 жаңы автобус жана 42 атайын техника тапшырылды. Техника тапшыруу аземине Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев да катышты.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтында маалымат жарыяланды.
Касымалиев ошондой эле муниципалдык ишканаларды техникалык жактан чыңдоо боюнча иштер улантылаарын белгиледи.
Youtong маркасындагы 12 метрлик автобустар Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын программасынын алкагында сатылып алынган.
Бюджеттик каражаттардын эсебинен сатылып алынган 42 даана атайын техниканын ичинде авариялык бригадалык автомобилдер, самосвалдар, гидрокрандар, JAC T-6 автомобилдери, траншеялык виброкатоктор бар.



Сүрөттөр: gov.kg
Муну бөлүшүү




