Бишкек мэриясында жаңы ишкана түзүлүп, жетекчиси дайындалды
- 12 месяцев мурун
Бишкек шаарынын мэриясында “Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм” жана “Муниципалдык токтотмолор, унаа туруктары жана базарлар” муниципалдык ишканалары бириктирилип, алардын негизинде жаңы — “Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм” муниципалдык ишканасы түзүлдү.
Жаңы түзүлгөн ишкананын жетекчиси болуп мурдагы “Жол жана транспорттук инфратүзүм” ишканасынын директору Асылбек уулу Бакай дайындалды.
Мэриянын маалыматына ылайык, бул чечим борбор калаадагы инфратүзүмдү башкарууну оптималдаштыруу, муниципалдык мүлктү натыйжалуу пайдалануу жана шаардыктарга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу максатында кабыл алынган.
Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев кол койду.
Муну бөлүшүү




