Бишкек мэриясы: Жаңы келген автобустарга квалификациялуу айдоочулар жок болууда

  • 3 года мурун

Бишкекке алынып келинген 210 автобустун 90 гана  линияга чыккандыгын «Кактус медиа» басылмасы сындап чыкты. Бул боюнча Бишкек мэриясы мындай деп билдирди:

-Борбор калаага алынып келинген 210 автобус — «Эко жүргүнчүлөрдү ташуу» ЖЧКсынын менчиги. Алар  Бишкекке Өзбекстандан алынып келинген. Мэрия жогоруда көрсөтүлгөн компанияга жеке ташуучу катары кызмат көрсөтүү үчүн муниципалдык каттамдарды аутсорсингге берди.

210 автобустун толугу менен каттамга кире албай жатканынын себеби — жарандарыбызды коопсуз жана ыңгайлуу ташый турган квалификациялуу айдоочулардын жоктугу. Бул негизги көйгөй болуп саналат. Учурда компания адистешкен айдоочуларды тартуу боюнча чараларды көрүп жатат, деп билдирди Бишкек шаарынын мэриясы.   

Ал эми мэриянын шаардык транспорт башкармалыгынан билдиришкендей, 18 -октябрь, дүйшөмбү күнү дагы 30 автобус линияга чыгат. Автобустар 34, 21 жана 46 -каттамдар боюнча каттай турганы маалымдалды.

«Эко Пассажир Транспорт» ЖЧКсы ушул жылдын аягына чейин 350 даана транспорттук каражат жеткирүүнү пландап жаткандыгы да кошумчаланды.

Сүрөт: Мэриянын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты