Бишкек мэри “Яндекс GO” компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту
- 1 месяц мурун
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев менен эл аралык өкмөттөр менен байланыштар боюнча башкаруучу директор баштаган Яндекс GO компаниясынын Кыргызстандагы өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Тараптар коомдук транспортту санариптештирүү жана жол кыймылын башкаруу жаатындагы кызматташтыкты талкуулашты.
Компаниянын өкүлдөрү «акылдуу шаарды» өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен бир катар чечимдерди ишке ашыруу пландары тууралуу айтып беришти.
Ошондой эле шаардагы чыгырыктардын ишин жакшыртуу боюнча мүмкүн болуучу чаралар талкууланды.
Шаар мэри жооптуу жетекчилерге көтөрүлгөн маселелер боюнча сунуштарды киргизүүнү тапшырды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.
Сүрөт: bishkek.gov.kg
Муну бөлүшүү




