Бишкек билим берүү тармагында балдардын тамак-ашынан акча жасагандар кармалды  

  • 8 месяцев мурун

Бишкек шаарынын Октябрь райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери К.А.К. жана Д.А.А. тарабынан балдардын тамак-ашын уюштурууда коррупциялык схема аныкталды жана токтотулду.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз борбору билдирди.

Алар Октябрь районундагы мектептерге жана мектепке чейинки мекемелерге тамак-аш сатып алуу боюнча филиалдарга, продукцияларды жеткирүүчүлөргө ар кандай тендерлерде жеңиштерди ыйгарып тургандары аныкталды.

Ошондой эле, жалган фирмалар аркылуу жасалма тендерлерди өткөргөн фактылары такталды. Аталган К.А.К. жана Д.А.А. жасаган кызматтары үчүн өткөрүлгөн тендердеги сумманын 10 пайызын алып турган.

К.А.К. нан азыктарын жеткирүү боюнча өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгында сыйлык катары 220 миң сом алганы боюнча көрсөтмөлөр алынган.

Маалымат иретинде: 2022-жылы Октябрь районундагы мектептерге жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарына тамак-аш азыктарын сатып алууга бюджеттик каражаттардын эсебинен 230 млн 141 миң сом бөлүнгөн, бала бакчаларга 182 миллион 682 миң сом, мектептерге (1-4-класстар үчүн) 47 миллион 459 миң сом бөлүнгөн.

Учурда К.А.К. жана Д.А.А. дагы кармалып УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргилди. Тергөө иш-чаралары уланууда.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты