Бир мандаттуу үч округ боюнча ЖК депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүү жүрүүдө

  • 2 месяца мурун

 

Бүгүн үч бир мандаттуу шайлоо округдарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары шайланат, алардын шайлоосу 2021-жылдагы шайлоодо колдонулган эрежелер боюнча өткөрүлөт.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын эң көп добушун алган талапкер Жогорку Кеңештин шайланган депутаты болуп эсептелет.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүү үчүн үч шайлоо округдарында 175 шайлоо участогу ачылып, 2214 участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тартылган.

Саат 08.00дон кечки саат 20.00гө чейин добуш берүү улантылат.

Үч шайлоо округу боюнча шайлоочулардын тизмесине
311 363 шайлоочу киргизилген. Добуш берүү үчүн шайлоочулар Кыргыз Республикасынын жарандарынын паспортунун бардык түрлөрүн, ошондой эле «Түндүк» уюлдук тиркемесинде ишке ашырылган электрондук документти (паспорт) колдоно алары эскертилди.

Бүгүнкү күндө шайлоочулардын саны 2021-жылга (275 148 шайлоочу) салыштырмалуу  36 488 шайлоочуга өсүп 11,71% түздү.

№5 Ноокат шайлоо округу боюнча 54-шайлоо участкасы ачылып, 91 057 шайлоочу шайлоочулардын тизмесине киргизилди, 2021-жылга салыштырмалуу
9 155 (10%) шайлоочуга өстү. Шайлоодо 9 талапкер катышууда, анын ичинен 1 аял талапкер.

№29 Свердлов округу боюнча  60 шайлоо участогу ачылып, шайлоочулардын тизмесине 122 975 шайлоочу киргизилди, 2022-жылга салыштырмалуу 16 426 (13,35%) шайлоочуга өстү. Шайлоодо 5 талапкер катышууда, анын ичинен 1 аял талапкер.

№36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча  61 шайлоо участогу ачылып, шайлоочулардын тизмесине 97 331 шайлоочу киргизилген, 2021-жылга салыштырмалуу 7 605  (7,8%) шайлоочуга өстү. Шайлоодо 14 талапкер катышууда.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер, алардын программалары жана шайлоо фонддорунун кыймылы тууралуу маалыматты «Талапкер» маалымат ресурсунда (БШКнын schailoo.gov.kg сайтында ) жана шайлоо участкаларында илинген плакаттарында тааныша аласыздар.

Жалпысынан 311 253 шайлоо бюллетени даярдалган. Добуш берүү бюллетендери кыргыз, орус тилдеринде жана көрүүсү начар жарандардын добуш берүүсү үчүн Брайл арибинде даярдалган.

Бүгүн, 30-июнда, №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда шайлоо башталды.

№29 Свердлов шайлоо округунан катталган талапкерлердин тизмеси

Бишкек шаарынын Свердлов шайлоо округу боюнча 5 талапкер катталды.

№36 Ысык-Көл шайлоо округунан катталган талапкерлердин тизмеси

Ысык-Көл шайлоо округу боюнча 15 талапкер катталды.

№ 5 Ноокат шайлоо округунан катталган талапкерлердин тизмеси

Эгерде сиз мыйзам бузууларга күбө болсоңуз, 1255 номери боюнча, 0(312) 660240-ишеним телефону боюнча, WhatsApр – 0(707)011255; 0(221)851255 боюнча кайрылсаңыз болот.

Сүрөт: БШК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты