Бийликти колдоп чыккан Токмок шаарынын депутаттары оппозициялык көз караштагы адамдардын митингине катышкандары чындык (Фактчекинг)

29-январь күнү Next.tv каналында элүүдөн ашуун адамдын “Чүй, Токмок эли Садыр Жапаровду жана Камчыбек Ташиевди колдойт” деген видео кайрылуусу бөлүшүлгөн. Чогулгандар ар кандай чагымчы күчтөр бийликке бут тосуп, өнүгүүгө тоскоол болуп жатканын айтышкан. 

Кээ бир интернет колдонуучулары видео кайрылуу жасагандар Токмоктун мэри Урматбек Самаев жана депутат Медербек  Саккараевдин адамдары экенин билдиришип, ушул эле адамдар Өмүрбек Текебаевдин, Kaktus.Media жана Болот Темировдун митингинде да жүргөнүн айтышкан. 

Бийликти колдоп чыккан Токмок шаарынын депутаттары оппозициялык көз караштагы адамдардын митингине катышкандары чындык (Фактчекинг)

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

Өмүрбек Текебаев сабалган окуяга катышкан Токмок шаарынын депутаттары 

Буга чейин ПолитКлиника медиасы “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу болгон окуяга Токмок шаарынын мэри Урматбек Самаевдин жакын адамдары катышканын аныктап чыккан.

Алар Текебаевге кол салуу болгонго чейин, Токмок шаарындагы “Мегаполис” кафесинде чогулуп, үчүнчү күчтөр митинг уюштуруп, элди тажатып жатканын айтышкан. Кийинчерээк белгилүү болгондой, “Мегаполис” кафеси Казакстандын жарандыгы бар деп шектелген Жогорку Кеңештин депутаты Медербек Саккараевге тиешелүү. 

Белгилей кетсек, Медербек Саккараев 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн парламенттик шайлоого №31 Чүй-Кемин шайлоо округунан катышып, жеңишке жеткен.

18-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы Медербек Саккараевдин Казакстандын жарандыгы бар экени такталган деген негизде аны талапкер кылып каттоодон баш тарткан. Саккараев БШКнын чечимин сотко берип, Бишкек административдик соту Боршайкомдун чечимин күчүндө калтырган.

Азыркы видео билдирүү да Медербек Саккараевге тиешелүү “Мегаполис” кафесинде тартылганын көрүүгө болот. 

Бийликти колдоп чыккан Токмок шаарынын депутаттары оппозициялык көз караштагы адамдардын митингине катышкандары чындык (Фактчекинг)

Видео билдирүүдөгү бир топ адам Өмүрбек Текебаевге кол салуу болгон учурда ошол жерде жүрүшкөн. 

Бийликти колдоп чыккан Токмок шаарынын депутаттары оппозициялык көз караштагы адамдардын митингине катышкандары чындык (Фактчекинг)

Кол салуу  учурунда чаар-ала моюн орогуч жана тебетей кийип жүргөн адам даана көрүнгөн. Дал ушул адам бийликти жактап, бут тоскондорго карата жасалган видео кайрылууда да алдыңкы сапта турган. 

Мындан сырткары видео кайрылууда, Токмок шаарынын депутаттары Бахтияр Доконов  жана Кайрат Чокеев да болгонун байкоого болот. 

Бийликти колдоп чыккан Токмок шаарынын депутаттары оппозициялык көз караштагы адамдардын митингине катышкандары чындык (Фактчекинг)

Белгилей кетсек, кол салуу болгондон кийин Кайрат Чокеев жана Бахртияр Доконов баш болгон бир канча Токмок шаарынын депутаттары Өмүрбек Текебаевден кечирим сурап барышкан. 

Видеодо Токмок шаарынын адистештирилген олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектебинин (СДЮШОР) машыктыруучусу Ильяс Маров да болгон. 

Бийликти колдоп чыккан Токмок шаарынын депутаттары оппозициялык көз караштагы адамдардын митингине катышкандары чындык (Фактчекинг)

Белгилей кетсек буга чейин Ильяс Маров Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Медербек Саккараевдин үгүт иштерин жүргүзгөнү жана бул мыйзамсыз болгону тууралуу маалымат чыккан. 

Маалым болгондой, видео кайрылуу жасагандардын арасында Урматбек Самаев жана Кайрат Чокеевге тиешелүү “Ало такси” уюмунун таксисттери жана “Зеленхоз КППнын” кызматкерлери да бар. 

Бийликти колдоп чыккан Токмок шаарынын депутаттары оппозициялык көз караштагы адамдардын митингине катышкандары чындык (Фактчекинг)

Башкача айтканда, бийликке бут тосуп жаткан чагымчылдар жөнүндө кайрылуу жасагандардын арасында Өмүрбек Текебаевге кол салган видеодогу адамдар бар.

“Temirov Liveдын” митингине катышкан Токмок шаарынын депутаты

23-январда журналист Болот Темировду бошотуу талабы менен уюштурулган митингде Токмок шаарынын депутаты Анарбек Маликов да жүргөн. 

Бийликти колдоп чыккан Токмок шаарынын депутаттары оппозициялык көз караштагы адамдардын митингине катышкандары чындык (Фактчекинг)

Ал журналисттерге,  “Мен Анарбек Маликов эмесмин” деп суроолорго жооп берүүдөн баш тарткан. Бирок сүрөттөн көрүнүп тургандай, ал Токмок шаарынын депутаты Анарбек Маликовдун дал өзү. 

Белгилей кетсек, буга чейин ПолитКлиника медиасы Анарбек Маликовдун 1-декабрь күнү оппозициялык лидер Өмүрбек Текебаевге кол салгандардын арасында болгонун аныктаган. 

Ал, мандаты талашка түшүп, кош жарандуулукка шектелген Медербек Саккараевдин иниси болуп саналат.

Жыйынтык: Бийликти жактап чыккан видео кайрылуудагы Токмоктук депутаттардын Өмүрбек Текебаевдин жана иликтөөчү журналист Болот Темировдун митингинде жүргөндөрү чындык. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты