Текебаевге сол салууга шектелгендердин бири Антикоррупциялык кеңешке мүчө болуп келгени чын

“Ата Мекен” саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге 1-декабрь күнү кол салгандардын арасында болгон Кайрат Чокеев КР президентинин алдындагы коррупцияга каршы иштиктүү кеңешинин мүчөсү болгон. А бирок Чокеев өзү бул маалыматты четке какты.

ПолитКлиника медиасы Өмүрбек Текебаевге кол салгандардын Урмат Самаев менен байланышын, кол салгандардын арасында Токмок шаардык кеңешинин депутаты Кайрат Чокеев дагы болгонун аныктаган эле. 

Биздин иликтөө чыккандан кийин, Кайрат Чокеев баш болгон андагы каармандар Өмүрбек Текебаевден кечирим сурап барышкан. «Мен силерди кечирем. Бирок кылмыш иши козголбосо дагы, саясий баа берилиши керек» деп айткан Өмүрбек Текебаев.

2021-жылдын 8-июлунда Президент Садыр Жапаров Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеш түзгөн. Анын негизги максаты коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын  өркүндөтүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун ортосундагы натыйжалуу диалогду камсыз кылуу, ошондой эле бизнести өнүктүрүү, инвестициялык климатты жана ишкердик субъектилеринин ишин коргоо жана колдоо механизмдерин жакшыртуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү экендиги айтылган.

Президенттин аппараты азырынча бул боюнча комментарий бере элек.  

Антикоррупциялык ишкерлер кеңешинен  кабарлашкандай, ал 2021-жылдын 21-октябрынан бери Антикоррупциялык кеңештин Чүй районундагы аймактык өкүлдөрүнүн коомдук башталыштагы мүчөсү болуп келген жана ал мүчөлүктөн чыгарылды. 

«Кайрат Чокеевдин «Ата-Мекен» партиясынын лидерине кол салганы тууралуу массалык маалымат каражаттарында, ошондой эле социалдык тармактарда жарыяланган материалдарга таянып, Президентке караштуу Коррупцияга каршы ишкер кеңешинин статусуна туура келбеген аракеттери жана жоруктары үчүн кеңештин Чүй облусу боюнча аймактык өкүлдөрүнүн тизмесинен чыгарылды», — деп билдиришкен «Марал» медиасына. 

ПолитКлиника Кайрат Чокоев менен байланышканда, ал кеңешке мүчө болбогондугун жана бул жалган маалымат экендигин билдирди. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты