Беш жылдын ичинде музейге келгендердин саны 17 пайызга өскөн
- 2 года мурун
Статистика комитетинин маалыматы боюнча, өткөн жылдын башында республикада 69 музей болгон. Музейге барган коноктор, 336 миң экспозициялык буюмду көрө алышат. Экспонаттардын эң көп саны Бишкектеги музейлерде (184 миң) жайгашкан.
2023-жылы музейлерге 952 миң адам келген. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 17 пайызга көп.
2023-жылы музей кызматкерлери 23 миңден ашык экскурсияларды өткөрүп, өлкөнүн тарыхый жана маданий мурастары боюнча миңге жакын лекцияларды даярдашкан.
Сүрөт: Интернеттен алынды
Муну бөлүшүү




