Беш-Күнгөйдө катары менен 4 дача өрттөндү  

21-июлда Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Беш-Күнгөй айылынын Труд көчөсүндө жайгашкан дачалардан өрт чыкты.

Бул айылдагы 4 турак үй толугу менен өрттөнүп, 100 чарчы метр аянттагы кургак чөп күйгөн.

Тилсиз жоонун чыгуу себеби, күбөлөрдүн айтымында, коңшулардын бири эски кийимдерди өрттөп, мындан чыккан жалындын учкундары кургак чөпкө, андан үйлөргө өткөн.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты