Бектур Зулпиев президенттин кеңешчиси болуп дайындалды

  • 8 месяцев мурун

Конституциянын 71-беренесине ылайык, Бектур Зулпиев президенттин кеңешчиси болуп дайындалды.

Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

58 жаштагы Бектур Зулпиев Ош шаарында туулган, Кыргыз мамлекеттик университетинде юридика факультетинде окуп, окуусуy Москва мамлекеттик университетинде уланткан жана аяктаган.

2005-2010-жылдары Курманбек Бакиевдин командасында иштеген. «Курманбек Бакиевдин юристи» деген атка конгон.

Бектур Зулпиевдин ысымы Конституция долбоорун демилгелеген авторлордун бири катары айтылат, бирок ал өзү Баш мыйзамдын авторлорунун бири эмес экенин билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты