Баткен облусунда жер силкинди
- 9 месяцев мурун
Бүгүн, 25-сентябрда, саат 07:21де Баткен облусунда очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Бул тууралуу Илимдер академиясынын сейсмология институту билдирди.
Баштапкы маалыматтарга караганда, жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Өзбекстан чек арасында катталган. Таш-Кыя айылынан 7 чакырым түндүк-чыгышта, Кадамжай айылынан 8 чакырым түндүктө, Кызыл-Кыя шаарынан 38 чакырым түштүк-батышта, Баткен шаарынан 80 чакырым түндүк-чыгышта болгон.
Жер титирөөнүн күчү Таш-Кыя айылында 2 балл болгон.
22-сентябрда саат 08 час 04тө Баткен облусунда очогунда 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Ошондой эле Баткен облусунда 21-сентябрда очогунда 3 баллга жеткен жер титирөө болгон.
Сүрөт: Сейсмология институту
Муну бөлүшүү




