Баткен: Аскер прокуратурасы сентябрдагы кагылыш боюнча тергөө жүрүп жатканын билдирди

  • 2 года мурун

2022-жылдын сентябрында кыргыз-тажик чек арасында орун алган куралдуу кагылыш боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Аскер прокуратурасынын Тергөө кызматынын башчысы Акылбек Абдыраев билдирди.

«Шектүүлөрдүн иши өзүнчө өндүрүшкө алынып, сотко өткөн учурлары бар. Учурда Аскердик прокуратуранын Баткен гарнизону тарабынан тергөө иштери жүрүп жатат», — деди ал.

Бүгүн, 25-январда парламентте “2021-жылдын 16-сентябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун аскерлерин (жамааттык күчтөрдү) биргелешип материалдык-техникалык жактан камсыздоо жана медициналык жактан камсыздоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору каралууда.

16-17-сентябрь күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу окуяда Кыргызстан тараптан 63 адам мерт болгону расмий кабарланды. 206 адам жараат алган. 140 миңден ашуун адам коопсуз жакка жер которгон.

Кыргыз-тажик чек арасында ушул жылдын 14-сентябрында башталган кагылыш 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. 

Fлдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланганын билдирди.

Жалпы облус боюнча 136 770 жаран эвакуацияланып, анын ичинен 48 652 жаран жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө жайгашкан, 3 414 жаран эвакуациялык пунктарда, 3 895 жаран башка облустарга туугандарынын үйлөрүнө чыгып кеткен. Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5301 жаран эвакуацияланган.

Расмий маалыматка ылайык, Баткен жана Лейлек райондорунда жалпы 622 үй жабыркаган болсо, анын 427си жашоого жараксыз, 195и оңдоп-түзөөгө муктаж экени аныкталды. 11 административдик объектилер, 8 мектеп, 7 бала бакча, 3 ФАП, 323 сарай, 197 жашоо-тиричилик камсыздоочу объектилер талкаланып, өрттөлгөн. Ак-Суу дарыясындагы узундугу 36 метрлик көпүрө жардырылып, 27 автоунаа өрттөлгөн же талкаланган.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын, 200 чукулу жараат алганын билдирди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты