Балыкчы шаарына мэр дайындалды

  • 2 года мурун

Арнабек уулу Азамат Балыкчы шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду.

Азамат уулу Арнабек дене тарбия жана спорт академиясын аяктаган. Орусияда ишкерлик менен алектенген. «Кыргыз мебель» ачык акционердик коомунун башкаруучусу болгон. 2020-жылдын октябрь айында Балыкчы шаарынын мэринин милдетин аткарган.

Буга чейинки Балыкчы шаарынын мэри болуп иштеген Бакыт Шаршеев эки жума мурда кызматынан бошотулган.

Сүрөттө: Арнабек уулу Азамат. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты