Балдарга программалоо тилин үйрөткөн китеп кыргызчага которулду

  • 1 неделя мурун

Өспүрүмдөргө кеңири жайылган программалоо тилдеринин бири – JavaScriptтин негиздерин үйрөнүүгө  мүмкүнчүлүк бере турган Жереми Морицтин “Балдар үчүн JavaScript” китеби кыргыз тилине которулду. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы Элчилиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, китептин чыгышын бүгүн, 26-сентябрда АКШ элчилиги Бишкектеги К.Баялинов атындагы улуттук китепканасындагы Америка Борборунда Билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева менен бирге белгилеген. Ал эми бул демилге АКШ элчилиги менен «Талим-Форум» коомдук фонду тарабынан кыргыз тилиндеги билим берүү материалдарын өнүктүрүү үчүн ишке ашканы айтылды.

“Мен жакында “Окуу – билим азыгы, билим – бакыт азыгы” деген кыргыз макалы бар экенин билдим. Бул китептер жаш кыргызстандыктарга кыргыз тилинде коддоо боюнча жаңы билим алууга жардам берет жана аларды Кыргыз Республикасында маалымат технологияларынын өнүгүшүнө салым кошууга шыктандырат деп ишенебиз”, – деген АКШ элчилигинин маданий иштер боюнча кызматкери Жейк Уильямс. 

Ошондой эле которулган китептер аймактардагы сегиз Америка Борборлоруна жана ошондой эле өлкөнүн орто мектептерине, коомдук китепканаларына бекер таратылары белгилүү болду. 

Сүрөт: kg.usembassy.gov

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты