«Манас» үчилтиги англис тилине которулду

  • 2 года мурун

 «Манас» үчилтиги англис тилине которулду. Бул тууралуу Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканадан билдиришти.

Китептин бет ачары эртең, 9-августта, Улуттук китепканада өтөт. Маалыматка ылайык, «Манас» үчилтигин  Мар Байжиевдин хрестоматиялык варианты боюнча  англис тилине Акылай Байматова  которгон.

Иш-чарага мамлекеттик катчы Суйунбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов  жана АКШнын Кыргызстандагы элчиси катышат.

Белгилей кетсек, ачылышта англис тилинде Манас айтылып, чет тилинде оюн-зоок коюлат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты