Бакыт Төрөбаев: «Энергетиктер үзгүлтүксүз иштөөсү зарыл»

  • 1 год мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Бакыт Төрөбаев энергетика министри Таалайбек Ибраевге жылытуу маалында электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоону тапшырды. Ал 5-январда Чүй электр тармактар ишканасында өткөргөн жыйында энергетиктерди аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө даяр турууну эскертти.

«Келерки аптадан тартып аба ырайы кескин өзгөрүшү айтылып жатат. Бүгүнтөн баштап электр тармактары ишканаларынын баарындагы ар түрдүү чыңалуудагы көмөк чордондордун жана электр чубалгыларынын ишенимдүү иштөөсүн дыкат көзөмөлгө алыңыздар»,-деген Төрөбаев.

Өкмөт тараткан маалыматка ылайык, Төрөбаев ошондой эле 2023-жылга коюлган пландарды өз убагында, жеткиликтүү деңгээлде аткаруу үчүн электр жабдууларды сатып алуу, алмаштыруу жана оңдоо жумуштарын тездетүүнү айтты. Мындан сырктары акылдуу электр эсептегичтердин көлөмүн көбөйтүү зарылдыгын билдирип, муну менен электр энергиясынын жоготууларынын азайтууга болоорун белгиледи.

Мунун алдында Гидрометеорология борбору Кыргызстандын аймагында келерки аптадан тартып аба ырайы кескин өзгөрүп, абанын температурасы төмөндөшүн маалымдаган.

Мекеменин маалыматына караганда, 8-январга чейин өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. 9-январдан тартып өрөөндөрдө абанын температурасы түнкүсүн -7…-12 градуска чейин төмөндөп, 11-январдан кийин андан да суук болот.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты