Бакай-Ата районунун акими, токой чарба директору жана башкалар кармалды
- 3 недели мурун
- Видео
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Талас облусунун Бакай-Ата районунун акими, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас аймактык башкармалыгынын мурдагы башчысы А.Б.М., Талас токой чарбасынын директору — А.Н.Ж. жана башка кызмат адамдары тарабынан КР мыйзамдарынын талаптарын системалуу түрдө одоно бузуу фактылары аныкталды.
УКМК маалыматында айтылгандай, жогоруда айтылган кызмат адамдары 2022-2023-жылдар аралыгында алдын ала сүйлөшүп алып, Таласка баруучу борбордук кире бериш жолунун боюнда жайгашкан жер тилкелерин эс алуу максатында мыйзамсыз бөлүп берүү боюнча коррупциялык схеманы уюштурушкан. Мамлекеттик токой фондуна таандык бул тилкелер жарандар М.Н.И.ге (3,2 гектар), К.у.Ч.га (3 гектар), А.Г.А.га (Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын аялы) (2 гектар) жана С.М.Т.га (1,2 гектар) бөлүнүп берилип, ал жерде туруктуу эс алуу жайлары курулган.
Жер тилкелери милдеттүү түрдө токой чыгымдарын эсептебестен жана төлөбөстөн, мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусун албастан, кадастрдык органдарда мамлекеттик каттоодон өтпөстөн (б.а., кыймылсыз мүлк объектилерине идентификациялык коддорду бербестен) архитектура жана шаар куруу органдарында тиешелүү каттоодон өтпөстөн берилген. Натыйжада, токой жоготуулары үчүн төлөм төлөөдөн качуудан келтирилген зыян 23 миллион сомдон ашкан.
Мындан тышкары, 2024-жылы аким А.Б.М. өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын колдонуп, тиешелүү уруксаттардын жоктугуна карабастан, кызматтын кызыкчылыктарына каршы иш-аракет кылып, Ак-Дөбө айыл аймагынын, Бакай-Ата районунун мурдагы депутаты — С.И.А. жана Ак-Дөбө айыл аймагынын мурдагы башчысы — Б.О.Ж. менен алдын ала сүйлөшүп, Бакай-Ата районунда 475 мырза теректи кыюуга уруксат берген, натыйжада мамлекетке 5 млн. 310 миң 505 сом зыян келтирилген.
Бул фактылар боюнча кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында А.Б.М. жана А.Н.Ж. аттуу кызмат адамдары кармалып, Талас шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери улантылууда.




