Бүгүн Ош облусунда экинчи ирет жер титиреди

  • 5 месяцев мурун

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн саат 18:18де Ош облусунда күчү 3,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ош облусунун Араван районунун Жаңы-Араван жана Араван айылдарында 3 баллга (Жаңы-Араван айылынан 3 чакырым түндүк батышка, Араван айылынан 6 чакырым түштүк чыгышта, Ош шаарынан 22 чакырым түштүк батышта) чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 27-ноябрда саат 14:56да Ош облусунун Алай районунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты