Азия өнүктүрүү банкы Күрпсай ГЭСин жаңылоо долбоорун каржылашы мүмкүн

  • 2 месяца мурун

Азия өнүктүрүү банкы Күрпсай ГЭСин жаңылоо долбоорун каржылашы мүмкүн. Бул тууралуу “Электр станциялар” ачык акционердик коому билдирди.

Маалыматка ылайык, “Электр станциялар” коомунун жетекчиси Салават Садыракунов Азия өнүктүрүү банкынын энергетика долбоорлору боюнча башкы адиси Самат Алдеев менен жолугушкан.

Жолугушууда Садыракунов Азия өнүктүрүү банкынын өкүлүнө Күрпсай ГЭСин замандын талабына ылайык жаңылоо долбоорун каржылоону сунуштаган.

Азия өнүктүрүү банкынын өкүлү Алдеев бул долбоорду каржылоо сунушуна оң баа берди деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, жолугушууда “Токтогул ГЭСин реабилитациялоо, 2-фаза”, “Токтогул ГЭСин реабилитациялоо, 3-фаза” жана “Үч-Коргон ГЭСин жаңылоо” долбоорлору талкуулангандыгы айтылды.

Сүрөт: energo-es.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты