«Апрель» телеканалы: УКМКнын өнүктүрүү фонду. Сырдуу демөөрчүлөр кимдер? (Видео)

“Апрель” телеканалы “УКМКнын өнүктүрүү фонду. Сырдуу демөөрчүлөр кимдер?” аттуу документалдык фильм-иликтөөсүн жарыялады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кийинки кезде корпоративдик курулуш темпин көбөйтө баштады. УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев курулуштардын биринин ачылышында ведомстволук курулуштарга бюджеттен бир тыйын да кетпегенин белгилегени бар. Буга “демөөрчүлөр” жардам берген. Ошол сырдуу демөөрчүлөр кимдер? Муну “Апрель” телеканалынын журналисттери иликтеп чыкты.    

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Ысык-Көлдө райондук башкармалыктардын материалдык-техникалык жактан камсыздалышын жакшыртып келет: турак үйлөрдү, ооруканаларды куруп, техника жана имараттардын ремонтун облустук Өнүктүрүү фонду жасап жатат. “Апрель” телеканалы иликтеп чыккандай, бул каражаттар  “Кумтөрдүн” аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшү үчүн бөлгөн акчасынан сарпталууда.

2021-жылы эле Фонд УКМК “конторасы” үчүн  21 миллион 800 миң сом бөлгөн – бул  250 миң доллар. Бул акчага Караколдо медпункт, Чолпон-Атада келишкен турак үй, болочок футбол талаасы үчүн газон салынган.

“Азыр биз медиктердин, мугалимдердин турак жай шарттарын жакшыртууну пландап жатабыз, бирок учурда укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жатакана курулду” деп оор улутунат Ысык-Көл облусун Өнүктүрүү фондунун дирекциясынын башчысы Самат Медеров.

Фонд  жатакананы эле каржылабаганы белгилүү болду. Кийинки алты жылда УКМКнын жергиликтүү бөлүмдөрү Ысык-Көл облусун Өнүктүрүү фондунун каражаттарын өз кызыкчылыгына араанын чоң ачып, пайдаланып келүүдө: тосмо салып жатышат, байланыш линиясын тартышат, сантехника жана чатыр жабышат, автомобиль сатып алышат, ал тургай өз унааларын жууш үчүн жана техникалык тейлөө үчүн техникалык тейлөө станциясын курушат.

«Апрель” телеканалынын журналисттери жалпы суммасы дээрлик 50 миллион сомдук 23 тендерди эсептеп чыгышты.    

Ысык-Көл облусунун Өнүктүрүү фондусунун жобосунда “Фонддун негизги максаты — Ысык-Көл облусунун шаарлары менен айыл аймактарынын жергиликтүү коомчулуктарынын демилгесин каржылоо/кошо каржылоо, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө жагымдуу шарт түзүү, бюджетти толтуруучу бизнес-долбоорлорду түзүү” болуп саналат деп айтылган.

УКМК бул бюджетти толтуруучу бизнес-долбоорбу? Ысык-Көл облусун Өнүктүрүү фонду облуска канча каражат жумшады жана ал жакта кандай социалдык объекттерди курду?

Бул жана башка суроолорго “Апрель” телеканалынын иликтөөсүнөн тааныша аласыздар.   

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты