Azerbaijan Airlines коопсуздук үчүн Орусиянын бир нече аймагына авиакаттамдарын токтотту
- 2 года мурун
«Азербайжан аба жолдору» Орусиянын бир нече аймактарына авикаттамдарын токтотту. Ага аталган компаниянын жүргүнчү учагынын Казакстанда кыйрашы жана бул кыйроого «сырттан физикалык жана техникалык кийлигишүү» болгонун көрсөткөн иликтөөнүн алгачкы жыйынтыктары себеп болгондугу айтылды.
Бул тууралуу «Азербайжан аба жолдору» (Azerbaijan Airlines — AZAL) өзүнүн Телеграмдагы расмий баракчасында билдирди.
«Азербайжан аба жолдору» авиакомпаниясынын J2-8243 номерлүү Баку-Грозный каттамын аткарып жаткан Embraer 190 учагынын физикалык жана техникалык тышкы кийлигишүүнүн натыйжасында кыйрашын иликтөөнүн алгачкы жыйынтыктарын жана тобокелдиктерди эске алуу менен 2024-жылдын 28-декабрынан тартып Азербайжандын Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин чечимине ылайык, Бакудан Россиянын төмөнкү аэропортторуна каттамдар токтотулду:
Минеральные воды, Сочи, Волгоград, Уфа, Самара, Саратов, Нижний Новгород, Владикавказ.
Белгилей кетсек, 25-декабрда AZAL Бакудан Грозный жана Махачкала шаарларына каттамдарды токтотуу чечимин кабыл алган»,- деп айтылат маалыматта.
Аталган компания жогоруда аталган багыттарга, анын ичинде Грозный жана Махачкалага башка авиакомпаниялардын каттамдарын токтотуу чечими коопсуздук үчүн кабыл алынганын билдирди.
Эске салсак, 25-декабрда Казакстандын Актау шаарында Азербайжан аба жолдорунун Бакудан Грозныйга бараткан жүргүнчүлөр учагы кулаган. Маалым болгондой учакта 5 экипаж мүчөсү, 6 Казакстандын, 37 Азербайжандын, 16 Орусиянын, 3 Кыргызстандын жарандары болуп, бардыгы 67 жаран болгон. Алардын 38и каза тапты. Учактын ичиндеги кыргызстандык үч жаран тең аман калды.
Euronews Азербайжандын өкмөтүндөгү аты аталбаган булакка шилтеме берип, 38 адамдын өмүрүн алган жүргүнчүлөр учагынын кыйрашына орусиялык ракета себеп болгону жазып чыкты.
Сүрөт: интернет булактары




