«Азаттыктын» иликтөөсү Азия басмаканачылар коомунун сыйлыгына ээ болду

  • 2 месяца мурун

Кыргызстан менен Казакстандын компаниялары кош багыттагы жогорку технологиялык товарларды кантип орусиялык компанияларга жөнөтүп жатканы жөнүндөгү «Азаттыктын» былтыр жарыяланган иликтөөсү Азия басмаканачылар коомунун (SOPA) сыйлыгына ээ болду.

Иликтөө аймактык сынакта Excellence in Technology Reporting («Технологияларды чагылдыруудагы жетишкендиктер») номинациясында мыкты деп табылды. Калыстар тобу иликтөөдө «маалыматтарга терең жана ар тараптуу мамиле» жасалганын өзгөчө белгилешкен.

«Азаттык» радиосунун былтыр июнь айында жарыяланган иликтөөсүндө Батышта чыгарылган, санкцияга кабылган, бир эле учурда жарандык да, аскердик да өндүрүштө колдонула турган товарлар Кыргызстанда жана Казакстанда түзүлгөн компаниялар аркылуу Орусияга кирип жатканы, алардын көбүнүн артында орус жарандары турары, айрымдарынын орус армиясына катышы бар экени көрсөтүлгөн.

Иликтөөдө сөз болгон, Орусияга микрочиптерди жана башка технологияларды жөнөткөн төрт кыргыз компаниясына АКШ ошол эле жылы 20-июлда санкция салган. Алардын баары Орусия Украинага басып киргенден кийин ачылган.

SOPA Award — Азия басмаканачылар коомунун 1999-жылы негизделген сыйлыгы. Ал Азиядагы журналистика жана басмакана тармагындагы эң престиждүү сыйлыктардын бири болуп эсептелип, ЖМКлардагы жогорку редакциялык чеберчилик үчүн ыйгарылат. Сынак 20 номинация боюнча англис жана кытай тилдеринде өтөт.

Сүрөт: Социалдык тармактан, сыйлыктын скриншоту

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты