«Азаттык Медиасынын» жетекчиси алмашты

  • 1 год мурун

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кыргыз кызматынын Бишкектеги кеңсесинин, «Азаттык Медиа» мекемесинин жетекчиси алмашты. Айзада Касмалиеванын ордуна Бакыт Асанов директордун милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Касмалиева бул кызматта 2017-жылдын 1-майынан тарта иштеген. Ал «Эркин Европа/Азаттык радиосунун Прагадагы кеңсесине бир жылдык мөөнөткө адистик тажрыйба алмашууга барат.

Асанов 2011-жылы октябрда «Азаттыкка» кабарчы болуп келген. Бир жыл эл аралык медиа корпорациянын Прагадагы кеңсесинде адистигин жогорулаткан. 2017-жылдан тарта «Эксперттер талдайт» аналитикалык талкуу программасын алып барат.

«Азаттык» радиосу — Кыргызстанда бейтарап жана калыс маалымат тараткан медиа каражаттарынын бири. Анын кыргыз, орус тилиндеги веб-сайты жана социалдык медиадагы платформалары өлкөдөгү эң кеңири таанылган маалымат ресурстарынын катарына кирет.

Булак: «Азаттык»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты