«Азаттык» иши: Сот 17-мартка жылдырылды

  • 1 год мурун

Бүгүн, 6-мартта, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Азаттыктын” ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча доо арызы каралды.  

Маданият министрлиги «Азаттык» медиасынын каттоо документтерин юстиция министрлигинен тактоо керектигин билдирди. Судья өтүнүчтү канааттандырып, сот иши 17-мартка жылдырылды.

Былтыр 26-октябрда, Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын эки айга бөгөттөө чечимин чыгарган. Январь айында аны белгисиз мөөнөткө узарткан. Министрлик өз арызын Кыргызстанда былтыртан бери иштей баштаган “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга негиздеген.

31-октябрда «Азаттык Медиа» мекемесинин «Демирбанктагы» эсеби эч кандай эскертүүсүз жана түшүндүрмөсүз бөгөттөлгөн.
“Азаттык Медиа” “Настоящее времядагы” доо келтирилген материалдарда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экендигин белгилеп келет. Буга чейин радионун юристтери аталган чечимди жокко чыгаруу өтүнүчү менен алгач маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине, андан кийин Бишкектин административдик сотуна кайрылган.

22-январда президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев өлкөдө сөз эркиндигине кысым жок экендигин жана “Азаттык Медиа” боюнча чечим мыйзамдын талабына ылайык кабыл алынганын Фейсбукка жазган.

23-январда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттыктын” ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна арызданганы маалым болду. Сот арызды кароо мөөнөтүн 9-февралга белгилеген. Доогер тараптын өкүлдөрү 9-февралдагы сот процессине келген эмес.

Министрликтин мындай кадамын бир катар коомдук ишмерлер, медиа серепчилер, уюмдар сындап чыгышты.

Сүрөттө: Сот процесси учурунда. “ПолитКлиника”медиасы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты