Атайын эсепке жарандардан жана ыктыярчылардан 20 млн дон ашуун сом түштү  

  • 2 года мурун

18-сентябрь, саат 19:00гө карата Тажикстандн агрессиясы учурунда калкты колдоо үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарынан, ошондой эле башка ыктыярчылардан атайын ачылган эсепке 20 819 427,64 сом өлчөмүндө каражат түштү. 

Бул тууралуу финансы министрлигинин борбордук казыналыгы билдирди.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрда тажик тарап ок атышууну баштаганын билдирген.

Учурда Баткен облусу боюнча жалпы 136 миң 770 жаран коопсуз аймакка эвакуацияланды. 

Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди  айыл аймагынын жалпы 5301 жаран коопсуз жайларга эвакуацияланган.

КР саламаттык сактоо министрлиги Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусунан 18-сентябры, саат 17:00гө карата саламаттык сактоо уюмдарына кайрылгандардын жалпы саны — 140 адам, анын ичинен 7 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөнүн билдирди. Ал эми каза болгондордун жалпы саны – 46.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты