«Ата-Бейитте» оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат
- 11 месяцев мурун
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жана министрдин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексиндеги оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
«Ата-Бейит» комплекси — бул саясий репрессиянын курмандыктары, кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн көрүнүктүү саясий жана коомдук ишмерлердин, ошондой эле өлкө тарыхындагы оор учурларда курман болгон инсандардын сөөгү коюлган жер.
Бул ыйык жайда 2008-жылы улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун сөөгү коюлган. Ошондой эле, 2010-жылы 7-апрель окуясында курман болгон баатырлар, 2022-жылы Баткен облусунда чек араны коргоодо шейит кеткен аскер кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Баатыры, белгилүү хирург Мамбет Мамакеев да ушул жайга коюлган.
Мындан тышкары, 1916-жылдагы Үркүн окуясында каза болгондорду эскерүү максатында да атайын эстелик тургузулган.
Министрлик өкүлдөрү оңдоп-түзөө иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруп, мемориалдык комплекстин тарыхый жана маданий маанисин сактап калуу зарылдыгын белгилешти.




