“Ашар бирикмеси” фондунун директору алдамчылыкка шектелип кармалды

  • 11 месяцев мурун

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө Т.С. аттуу жаран кайрылып, “Ашар бирикмеси” фондунун директору К.А. аны алдап кеткенин билдирген. Арызга ылайык, 2025-жылдын 6-январында К.А. жарандын ишенимине кирип, турак жай алып берем деп 183 миң 200 сом алып, бирок бүгүнкү күнгө чейин убадасын аткарган эмес. Бул тууралуу Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн маалымат кызматы билдирди.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») боюнча кылмыш иши козголуп, 2000-жылы туулган К.А. шектүү катары кармалып, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мындан тышкары, “Ашар бирикмеси” фондунун директоруна карата буга чейин дагы 11 кылмыш иши козголуп, 4 тергөөгө чейинки текшерүү материалдары каралып жатканы белгилүү болду. Жалпы келтирилген материалдык зыян 4 миллион 681 миң 200 сомду түзөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты