Армения ЖККУнун Кыргызстанда өтө турган машыгууларына катышпай турганын билдирди

  • 1 месяц мурун

Армения Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) машыгууларына катышпай турганын Телеграм каналындагы расмий баракчасында билдирди.

ЖККУнун кезектеги машыгуулары Кыргызстанда 3-сентябрдан 15-сентябрга чейин  “Кызматташуу – 2024”, “Эшелон – 2024” жана “Издөө – 2024” машыгуулары өтөт.

Машыгууларга Кыргызстан, Беларус, Казакстан, Орусия жана Тажикстандын куралдуу күчтөрү, Ички иштер министрликтеринин (ИИМ), Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин (ӨКМ) кызматкерлери катышат.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян быйыл 12-июнда Армения Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан (ЖККУ) чыгарын айткан.  

1992-жылы Москванын демилгеси менен түзүлгөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна — Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мүчө. Акыркы кездери бул аскердик уюм өз мүчөлөрүнүн ортосундагы жаңжалдардын алдын ала албаганы жана алардын кызыкчылыктарын коргой албаганы үчүн сынга кабылып келет.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты