“Апрелчилерге” делген тигүү фабрикасы курулуп жатканы белгилүү болду

  • 2 месяца мурун

Министрлер кабинети “7-апрель ынтымагы” ачык акционердик коомуна бөлүп берген жерде 15-20 күн мурун тигүү фабрикасы, бала бакча жана дагы бир имараттын курулушу башталганы башталганы белгилүү болду.

Бул тууралуу өзүн «мастер» деп тааныштырган Жеңиш Нусубалиев 26-июнда “Азаттыктын” кабарчылары курулуш жүрүп жаткан жерге барганда айтты.

“Ош базары” жана Батыш автобекети көчүрүлөт делген жерге жакын жерден бөлүнгөн аймакка түшүп жаткан тигүү фабрикасынын курулушун ким каржылап жатканы боюнча маалымат жок.

Президент Садыр Жапаров 22-июнда “Кабар” агенттигине курган маегинде 2010-жылдагы Апрель окуясында жабыр тарткан адамдар Курманбек Бакиевден кун төлөтүп алууга жардам берүүсүн суранып кайрылганын айткан.

Президент алар “Курманбек Бакиев 200 кишилик тигүү фабрикасын куруп берүүнү убада кылган” деп айтышканын жана ал үчүн 1 гектардан ашыгыраак жер бөлдүрүп бергенин айткан.

Сүрөт: «Азаттык»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты