Амир Кунакуновдун өлүмү боюнча ӨКМдин башкармалыгынын экс-башчысы кармалды

Ала-Арчада өлүмгө кабылган 14 жаштагы Амир Кунакуновдун өлүмү боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) кризистик кырдаалдар башкармалыгынын мурдагы башчысы Азис Эгембердиев камакка алынды.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту ЖМКга билдирди.   

Биринчи май райондук сотунун чечими менен Азис Эгембердиев 2027-жылдын 13-январына чейин камакта болот.   

Эгембердиев Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси боюнча, кызмат абалынан кыянат пайдаланууга шектелүүдө.

Буга чейин Амир Кунакуновдун ишине байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевге катуу сөгүш берилген, ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Алмазбек Асанов, кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун башчысы Азис Эгембердиев, Куткаруучуларды даярдоо борборунун башчысы Тынарбек Мурашов кызматтан алынды.

Аскер прокуратурасы тарабынан шалаакылык фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Тергөөнүн алкагында окуянын жагдайлары, жашы жете элек өспүрүмдү куткаруу үчүн кабыл алынган чаралардын өз убагында жана толук болушу, ошондой эле ӨКМдин жооптуу кызмат адамдарынын аракеттери жана аракетсиздиги ар тараптуу изилденет.

7-ноябрда Ала-Арчада капчыгайында адашып, ӨКМден жардам ала албай 14 жашар Амир Кунакунов каза тапты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматы боюнча, 7-ноябрда саат 19:02де өспүрүм «112» номуруна чалып, Адыгине чокусунан түшүп келе жатып, адашып кеткенин билдирген. Тоодо байланыш начар болуп, мааалыматты саат 22де гана ал жактагы куткаруучуларга берүүгө мүмкүн болгон. Куткаруучу топ экиге бөлүнүп, бири туристтерди куткарса, экинчи топтогу үчөө Электро чокусуна өспүрүмдү издөөгө чыгышкан.

Жакындарынын айтуусу боюнча, Амир 7-ноябрда эртең менен, саат 7ге жакын Ала-Арча капчыгайында чуркоо боюнча мелдешке катышуу үчүн чыгып кеткен. Аны жаш курагына байланыштуу мелдешке катыштырышкан эмес, өспүрүм Адыгине капчыгайы тарапка бет алган.

8-ноябрда ӨКМ куткаруучулары жана альпинисттер өспүрүмдүн рюкзагын табышкан. 9-ноябрда саат 16ларда Ала-Арча капчыгайынын Электро чокусунда таштардын арасынан Амир Кунакуновдун сөөгү табылган. Баштапкы болжолдуу маалымат боюнча өспүрүм тоодо үшүгөнүнөн улам каза тапкан.

Социалдык тармактарда Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевди кызматтан бошотуу талабы көбүрөөк айтылууда. 14 жашар Амир Кунакунов адашып кеткендигин айтып, «112» номуруна ӨКМ телефон чалган. Анын тоонун кайсы жеринде турганы да аныкталган. Ал эми диспетчер тарабынан куткаруучуларга кабар үч сааттан кийин гана жетип, алар куткарууга баргыча түн кирген. Тик учак менен издөө 9-ноябрда гана мүмкүн болгон.14 жашар өспүрүм тоодо жалгыз жардам күтүп жүрүп, 9-ноябрда саат 16ларда сөөгү табылган.

Сүрөттө: Азис Эгембердиев. ӨКМ Чүй облустук башкармалыгы

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты