Алымкадыр Бейшеналиев: «Мен ага сексопатолог деп ат коюп койгом» (Видео)

“ПолитКлиника” медиасынын “Тет-а-тет” берүүсүнүн кезектеги чыгарылышынын коногу Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев болду. Ал Германияга иш сапары, кеңешчисинин кармалгандыгы, айрым кызматкерлерди кызматтан алгандыгы, социалдык тармактарда тарап кеткен сүрөттөрү тууралуу кеңири айтып берди. 

Биринчиден, ал кыз менин кеңешчим эмес. Ал мурда менин орун басарымдын катчысы болчу. Бирок жумуштан чыгып кеткен. Кийин Ысык-Көл облусуна төрөт үйүнүн ачылышына барсак, ал кыз ошол жерде уюштуруу иштерине жардам берип жүрүптүр. Медайымдар ичкен тамак-ашына акча чогултуп атышыптыр. Ортодо 100 миң сом чогулуп, аны медайым кыздар санап беришиптир. Анан ошол акча менен кармалып жатпайбы. Ичкен тамаш-ашына төлөш керек да. Андай нерсе бардык жакта эле бар” дейт министр. 

Министр социалдык тармактарда тарап жаткан сүрөттөрү боюнча төмөнкүлөргө токтолду: 

Медайымдардын бардыгы министр менен сүрөткө кучакташып түшкүсү келет экен. Мен аларга кубаныч тартуулоо максатында алардын баары менен сүрөткө түшкөм. Ошол нерсени башкача кылып коомчулукка жарыялап жатышат. Ал жерде жүргөн медайымдар “Эмне үчүн бизди чыгарышкан жок? Биз деле популярдуу болсок болмок” деп айтып атышат. Бир четинен ал сүрөттөрдү чыгарган эркек эркектик кылган жок”. 

Ошондой эле министр иштей албай жаткан кызматкерлерди жумуштан кетирип жатканын айтты. 

Биринчиден, орун басарларым өзүнүн милдетин аткара алышкан жок. Чогулушта “иштей албасаңар кеткиле!” деп эле айтчумун. Мисалы, бейтапкана каякта экенин, жүрөк каякта экенин билбесе, анан кантип ал медицина иштери боюнча орун басар болот? Иштей албаган үчүн мен башкаларга тапшырма берчүмүн. Жапаркул Ташиев болсо, өзү журналист. Журналист болгондон кийин өзүнүн кесиби менен иштеш керек да. Мен ага сексопатолог деп ат коюп койгом” дейт министр Алымкадыр Бейшеналиев. 

КЕНЕНИРЭЭК ВИДЕОДО: 

Сүрөт жана видео: «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты