Алты районго аким дайындалды  

  • 3 месяца мурун

Ош облусунун Кара-Суу, Алай, Жалал-Абад облусунун Сузак, Тогуз-Торо, Талас облусунун Бакай-Ата, Нарын облусунун Нарын райондоруна акимдер дайындалды.  

Президент Садыр Жапаров 6-мартта кол койгон тиешелүү тескемеге ылайык:

-Чынгыз Бапаев  мурдагы кызматынан бошотулуп, Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды.  

-Адыл Сапаров Ош облусунун Алай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды.

-Баратбек Сыдыкназаров Жалал-Абад облусунун Сузак районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими кызматынан бошотулду.

-Дамир Кулубаев Сузак районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды.

-Эшмукамбет уулу Нурлан Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды.

-Тыныбек уулу Зарылбек Талас облусунун Бакай-Ата районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды.

-Залкарбек Каримов Нарын облусунун Нарын районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты